> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Чүйдө 4 көмөкчордон курулуп, 80 миңден ашык "акылдуу" эсептегич орнотулат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/03/byiyl-chuido-4-komokchordon-kurulup-80-mindien-ashyk-akylduu-esieptieghich-ornotulat/
- Published: 2026-02-03T05:11:55.000Z
- Updated: 2026-02-03T05:11:55.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**2026-жылы "Кыргызстан УЭТ" ААКнын филиалы — Чүй электр тармактар ишканасында бир катар энергетикалык объектилердин курулушу жана электр тармактарын жаңылоо пландалууда. Бул тууралуу Энрегетика министрлигинен билдиришти.** 

Атап айтканда, төмөнкү көмөкчордондор курулат:

- 110/35/10 кВ "Манас" көмөкчордону;
- 220/35/10 кВ "Чуйская" көмөкчордону;
- 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөкчордону;
- 35/10 кВ "Ленинская" көмөкчордону.

Мындан тышкары, эскирген электр аба чубалгылары заманбап СИП кабелдерине алмаштырылат. Анын алкагында:

- 15,67 чакырым 10 кВ аба чубалгысы (СИП-3);
- 103,81 чакырым 0,4 кВ аба чубалгысы (СИП-2);
- 0,37 чакырым 10 кВ кабелдик линия;
- 0,15 чакырым 0,4 кВ кабелдик линия реконструкцияланат.

Ошондой эле Чүй электр тармактар ишканасынын аймагында темир-бетон мамычаларын чыгаруучу цех куруу мерчемделүүдө.

> Облус боюнча 2800 даана темир-бетон мамыча алмаштырылып, 5 даана жаңы трансформатор орнотулат. Мындан сырткары 80 миңден ашуун "акылдуу" (АСКУЭ) эсептегич орнотулуп, 785 трансформатордук көмөкчордондо капиталдык оңдоо, 5176 көмөкчордондо техникалык тейлөө жүргүзүлөт.