> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Биринчи шамал электр станциясы тармакка алгачкы мегаваттарды бере баштады
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/04/birinchi-shamal-eliektr-stantsiiasy-tarmakka-alghachky-mieghavattardy-bierie-bashtady/
- Published: 2026-02-04T05:50:06.000Z
- Updated: 2026-02-04T05:50:05.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Кызыктуу

**Кыргызстандагы биринчи шамал электр станциясы электр энергиясын тармакка бере баштаганын социалдык тармактар аркылуу Жашыл электр станциялары ассоциациясынын төрайымы Кундус Кырбашева билдирди.**

Анын айтымында, бул — сөздөн ишке өтүүнүн, ошондой эле өлкөдө шамал энергетикасын өнүктүрүүнүн жаңы баскычы болуп саналат.

> Өзгөчө маанилүүсү, бул долбоорду кыргызстандык "Мэтрум ТЭК" компаниясы ишке ашырганын Кундус Кырбашева белгилеп өттү.

> Эске салсак, 2025-жылы Ысык-Көл облусунда кубаттуулугу 100 мегаваттка эсептелген шамал генератору алгачкы жолу орнотулган.

---

*Кыргызстандын экономика, бизнес, финансы тармактары боюнча маалыматтарды, ийгиликтүү ишкерлер менен болгон кызыктуу маектерди – Ишкер MEDIA сайтынын* [*Telegram*](https://web.telegram.org/a/#-1001105941094)*,* [*Facebook*](https://www.facebook.com/ishker.m)*,* [*Instagram*](https://www.instagram.com/ishker%5Fmedia/)*,* [*Threads*](https://www.threads.com/@ishker%5Fmedia) *жана* [*Х*](https://x.com/ishker%5Fmedia) *каналдарынан окуп, көрүп туруңуздар. Ишкер MEDIA менен Сиз ийгиликке жетишесиз!*