> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Нарын облусунда 27 трансформатор жаңыланып, электр тармагы күчөтүлөт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/04/naryn-oblusunda-27-transformator-zhanylanyp-eliektr-tarmaghy-kuchotulot/
- Published: 2026-02-04T04:55:20.000Z
- Updated: 2026-02-04T04:55:19.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлиги электр тармагын өнүктүрүү жана жаңылоо багытында 2026-жылга карата бир катар пландарды белгиледи. Анын алкагында Нарын облусунда 21 даана трансформаторду алмаштыруу каралууда.**

Планга ылайык, трансформаторлор төмөнкү райондордо жаңыланат: Ак-Талаа районунда – 1, Ат-Башы районунда – 3, Кочкор жана Нарын райондорунда – 7ден, Тогуз-Торо районунда – 3 даана.

> Мындан тышкары, облус аймагында кошумча 6 трансформатор орнотуу пландалууда. Анын ичинде Ат-Башы районуна – 1, Жумгал районуна – 2, Нарын районуна – 3 даана трансформатор коюлат.

Ошондой эле 2105 даана трансформаторду капиталдык жана утурумдук оңдоодон өткөрүү каралган.

Эске салсак, "КУЭТ" ААКнын филиалы — Нарын электр тармактар ишканасы тарабынан 2025-жылы облус боюнча жалпысынан 83 даана трансформатор алмаштырылып жана кошумча орнотулган. 

> Анын ичинен 61 даана трансформатор алмаштырылып, 22 даанасы жаңыдан орнотулган. Жүргүзүлгөн иштердин натыйжасында электр кубаттуулугу 39 217 кВАга жогорулатылып, 121 даана трансформатор ишкананын балансына өткөрүлгөн.