> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы былтыр 3,8 млрд кВт/саат болгон
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/05/kyrghyzstanda-eliektr-enierghiiasynyn-tartyshtyghy-byltyr-3-8-mlrd-kvt-saat-bolghon/
- Published: 2026-02-05T03:58:06.000Z
- Updated: 2026-02-05T03:58:06.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, #Жаңылыктар

**Жогорку Кеңеште "Кайра жаралуучу энергия булактары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча мыйзам долбоору экинчи окууда каралды. Документти энергетика министринин орун басары Алтынбек Рысбеков тааныштырды.**

Депутат Махабат Мавлянова өлкө боюнча электр энергиясынын тартыштыгынын көлөмүнө кызыкты.

> Алтынбек Рысбековдун маалыматына ылайык, 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 3,8 млрд киловатт-саатты түзгөн.

Анын айтымында, бул тартыштык импорттолгон электр энергиясынын эсебинен жабылып келет.

Быйыл да электр энергиясынын жетишсиздигин жабуу коңшу мамлекеттерден электр энергиясын импорттоо боюнча келишимдерди түзүү жана кайра жаралуучу энергия булактарын ишке киргизүү программасын ишке ашыруу аркылуу камсыздалат.

> Махабат Мавлянова импорттолуп жаткан электр энергиясынын 1 киловатт-саатынын баасын айтууну суранды. Бирок министрликтин өкүлү бул суроого жооп берүүдөн баш тартып, маалымат мамлекеттик сыр экенин билдирди. Алтынбек Рысбеков аталган маалыматты депутатка жеке өзү берүүгө убада кылды.