> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талас облусунда 32 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/05/talas-oblusunda-32-transformatordun-kubattuulughu-zhoghorulatyldy/
- Published: 2026-02-05T03:41:36.000Z
- Updated: 2026-02-05T04:01:49.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика, Экономика

**Быйыл Талас облусунда 32 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылып, 10 кошумча трансформатор орнотуларын Энергетика министрлигинен билдиришти.**

Жаңы трансформаторлор төмөнкү аймактарга орнотулат:

- Талас районуна — 1;
- Бакай-Ата районуна — 2;
- Манас районуна — 5;
- Айтматов районуна — 2\.

Трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатууда электр энергиясына болгон суроо-талаптын өсүшүн эске алуу менен 2026-жылы 32 трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу пландалган. Алар: 

- Бакай-Ата районунда — 9;
- Манас районунда — 4;
- ⁠Талас шаарында — 7;
- Талас районунда — 5;
- Айтматов районунда — 7\.

Белгиленгендей, 2025-жылы облус аймагында кошумча 9 трансформатор орнотулуп, 13 трансформатордун кубаттуулугу жогорулатылган.