> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бакай-Атада электр чубалгылары жана трансформаторлор модернизацияланат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/12/bakai-atada-eliektr-chubalghylary-zhana-transformatorlor-modiernizatsiialanat/
- Published: 2026-02-12T06:20:31.000Z
- Updated: 2026-02-12T06:20:31.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин тапшырмасы менен Бакай-Ата районунда март айынан баштап электр тармактарын модернизациялоо жана тейлөө иштери жүргүзүлөт. Муну менен район калкы сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыздалат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Жалпы пландалган иштер:

- 10 кВ аба чубалгысында 29,985 км аралыкта капиталдык ремонт, 295,270 кмде техникалык тейлөө;
- 0,4 кВ аба чубалгысында 362,982 км аралыкта техникалык тейлөө;
- 40 трансформатор капиталдык ремонттон өтөт, 286 трансформатор пландуу тейлөөгө алынат;
- 6,3 км 0,4 кВ аба чубалгысын СИП-2 менен алмаштыруу;
- 158 жыгач мамычаларды темир-бетон мамычаларга алмаштыруу;
- 9 трансформатордун кубаттуулугун жогорулатуу жана 2 кошумча трансформатор орнотуу.

> Мындан тышкары, Кең-Арал айылында реконструкция иштеринин алкагында 4,5 км СИП-3 аба чубалгысы алмаштырылып, 92 даана мамыча жаңыланат. Кыргызстан айылында 100 метр 10 кВ аба чубалгысында СИП-3 кабели курулуп, 6 даана мамыча орнотулат.

Аталган иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык өчүрүүлөрдү азайтууга жана район калкын туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган. Алар 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык үчүн жүргүзүлөт.