> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Жалал-Абадда 726 чакырым аба чубалгысы жаңыланат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/16/byiyl-zhalal-abadda-726-chakyrym-aba-chubalghysy-zhanylanat/
- Published: 2026-02-16T07:28:07.000Z
- Updated: 2026-02-16T07:28:07.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**2026-2027-жылдардагы күз-кышка даярдык жана электр тармагын жаңылоого багытталган реформанын алкагында Жалал-Абад облусунда жалпы 35–500 кВ чыңалуудагы 726 чакырым аба чубалгысы оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Жаңылоо иштери Жалал-Абад электр тармактар ишканасы тарабынан март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Иш-чаралар "КУЭТ" ААКнын өздүк каражатынын эсебинен аткарылат.

Быйыл оңдолуп-түзөлө турган аба чубалгысы төмөнкү аймактарда жүргүзүлөт:

- Манас шаары — 46 чакырым
- Сузак району — 150 чакырым
- Ноокен району — 118 чакырым
- Кочкор-Ата шаары — 12 чакырым
- Таш-Көмүр шаары — 34 чакырым
- Базар-Коргон району — 70 чакырым
- Базар-Коргон шаары — 18 чакырым
- Аксы району — 43 чакырым
- Ала-Бука району — 60 чакырым
- Токтогул району — 91 чакырым
- Токтогул шаары — 12 чакырым
- Кара-Көл шаары — 44 чакырым
- Чаткал району — 13 чакырым
- Майлуу-Суу шаары — 15 чакырым

Мындан тышкары, пландалган иштерге төмөнкүлөр кирет:

> 10 541 даана изолятор алмаштыруу

> 798 даана вибрацияны басаңдатуучу түзүлүш орнотуу

> 198 даана канаттуулардан коргоочу КЗ-70 үлгүсүндөгү жапкыч коюу

> Мамычаларга жетүүчү 70 чакырым жолду калыбына келтирүү

Бул иш-чаралар электр энергиясынын туруктуулугун камсыз кылуу жана электр тармагын заманбап стандарттарга жеткирүү максатында жүргүзүлөт.