> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Былтыр Бала-Саруу ГЭСи 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүргөн
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/17/byltyr-bala-saruu-gesi-81-5-mln-kvt-saat-eliektr-enierghiiasyn-ondurghon/
- Published: 2026-02-17T08:38:42.000Z
- Updated: 2026-02-17T08:38:42.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Бала-Саруу кичи ГЭСи 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча 81,5 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бүгүнкү күндө пландалган 1,7 млн кВт/сааттын ордуна 2,15 млн кВт/саат өндүрүлүп, план 24%га ашык аткарылды. Бул көрсөткүч станциянын жабдууларынын жогорку даярдык деңгээлин жана персоналдын тынымсыз эмгегин көрсөтөт. Бул тууралуу Энрегетика министрлигинен билдиришти.** 

Учурда кубаттуулугу 5 МВт болгон бир гидроагрегат иштеп жатат. Сугат мезгили башталганда үч гидроагрегат тең толук ишке кирип, электр энергиясынын көлөмү кыйла көбөйөт.

> Бала-Саруу кичи ГЭСи аймактын энергетикалык коопсуздугун камсыздоого жана туруктуу өнүгүүсүнө салым кошууну улантууда. Станция 2024-жылдын май айында пайдаланууга берилген, Киров суу сактагычында, Талас облусунда жайгашкан. Орнотулган кубаттуулугу — 25 МВт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-55.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/3-45.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-35.jpeg)