> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электр керектөөчүлөрдүн 9,9%ы төлөмдү почта, касса аркылуу жүргүзөт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/17/eliektr-kieriektoochulordun-9-9-y-tolomdu-pochta-kassa-arkyluu-zhurghuzot/
- Published: 2026-02-17T09:56:49.000Z
- Updated: 2026-02-17T09:56:49.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Коом

**Энергетика министрлигинин колдоосу менен жүргүзүлгөн изилдөөнүн жыйынтыгына ылайык, керектөөчүлөрдүн 9,9%ы электр энергиясы үчүн төлөмдү мурдагыдай эле почта жана касса аркылуу жүргүзүшөт.**

Кыргызстана Улуттук электр тармактары маалымдагандай, абоненттердин көпчүлүгү мобилдик тиркемелерге жана онлайн-сервистерге өткөн.

> Бир нече жыл мурда абал башкача болчу: накталай жана кассалык төлөмдөр 60–70%ды түзсө, онлайн-төлөмдөрдүн үлүшү 20–30% гана болгон. Азыр көрсөткүчтөр дээрлик тескерисинче өзгөрдү — санариптик каналдар электр энергиясы үчүн эсептешүүнүн негизги ыкмасына айланды.

Бул өзгөрүү энергетика тармагындагы санариптештирүү процесси менен байланыштуу. Жаңылануулар ГЭСтерди куруу жана түйүндөрдү модернизациялоо менен гана чектелбестен, керектөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн форматын да камтыйт. Компаниялар кызмат көрсөтүүлөрдү автоматташтырып, төлөм инструменттерин электрондук форматка өткөрүп, операциялык чыгымдарды кыскартууда.