> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Талас облусунда быйыл 269 километр аба чубалгысы капиталдык оңдоодон өтөт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/19/talas-oblusunda-byiyl-269-kilomietr-aba-chubalghysy-kapitaldyk-ondoodon-otot/
- Published: 2026-02-19T09:00:28.000Z
- Updated: 2026-02-19T09:00:28.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, #Жаңылыктар

**Энергетика министрлиги тарабынан калкты сапаттуу жана туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган тапшырманы ишке ашыруунун алкагында 2026-жылы Талас облусунда март айынан ноябрь айына чейин 269,530 км 10 кВ аба чубалгысы капиталдык ремонттон өтөт. Аталган оңдоо иштери Талас электр тармактар ишканасы тарабынан аткарылат.**

10 кВ аба чубалгыларына болгон капиталдык оңдоо иштери төмөнкү райондорго жүргүзүлөт:

- Талас шаарында - 6 км;
- Талас районунда -118,320 км;
- Манас районунда- 41,405 км;
- Айтматов районунда -73,820 км;  
\-Бакай-Ата районунда 29,985 км;

Мындан тышкары, 1725,61 км 10кВ аба чубалгыларында техникалык тейлөө иштери да жүргүзүлөт. Анын ичинде:

- Талас шаарында - 95,560 км;
- Бакай-Ата районунда - 295,270 км;
- Талас районунда - 525,120 км;
- Манас районунда - 272,980 км;  
\-Айтматов районунда -536,680 км;

Ошондой эле, 1902,97 км 0,4кВ аба чубалгыларында техникалык тейлөө иштеринин көлөмү:

- Талас шаарында- 208,935 км;
- Бакай-Ата районунда- 362,982 км;
- Талас районунда - 503,865 км;
- Манас районунда - 301,746 км;  
\-Айтматов районунда -525,442 км түзөт.