> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон ГЭСинде модернизация иштери активдүү уланууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/19/uch-korghon-gesindie-modiernizatsiia-ishtieri-aktivduu-ulanuuda/
- Published: 2026-02-19T07:03:38.000Z
- Updated: 2026-02-19T07:03:37.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**19-февралга карата "Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо" долбоорунун алкагында №2 гидроагрегатта демонтаж иштери активдүү жүрүүдө. Иштерди Энергетика министри Таалайбек Ибраев түздөн-түз көзөмөлгө алып жатат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Долбоордун башкы аткаруучусу — China National Electric Engineering Company (CNEEC). 65 адистен турган топ түзүлүп, керектүү курулуш жана көтөрүүчү техникалар мобилизацияланды.

> 10-февралдан баштап демонтаж иштерине киришилген жана жумуштар күн сайын саат 7:30дан 21:00гө чейин жүргүзүлүүдө. Кытай жаңы жылы майрамына карабастан, адистер кошумча убакытта иш алып барышууда. 16-февралда генератордун роторун демонтаждоо ийгиликтүү аяктап, учурда ротор менен статорду ажыратуу иштери жүрүп жатат.

Пландалган графикке ылайык:

- 22-февралда генераторду толук демонтаждоо;
- февралдын аягында – турбинаны демонтаждоо;
- марттын башында №2 агрегаттагы бардык демонтаж иштерин бүтүрүү пландалууда.

Ошол эле учурда жаңы жабдуулар даярдалууда: жаңы генератордун статору монтаждык аянтта толук жыйналып, электрдик сыноолордон ийгиликтүү өткөн, жаңы ротордун чогултуу иштери 50% аяктады.