> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте карызы бар 6 миңден ашык абоненттин жарыгы өчүрүлөт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/23/bishkiektie-karyzy-bar-6-mindien-ashyk-abonienttin-zharyghy-ochurulot/
- Published: 2026-02-23T08:15:11.000Z
- Updated: 2026-02-23T08:15:10.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**24-февралда Бишкек шаарында дебитордук карызы бар 6 миңден ашык абоненттин электр жарыгы аралыктан өчүрүлөт, - деп билдирет Бишкек электр тармактар ишканасы.**

Ишкана абоненттерди ыңгайсыздыктарга кабылбоо үчүн эсептерди өз убагында төлөөгө чакырат. Өздүк эсепти ишкананын сайтындагы "Абоненттин балансы" рубрикасы аркылуу онлайн текшерүүгө болот.

> Тиричилик абоненттери балансты "Менин жарыгым" мобилдик тиркемеси аркылуу Play Market жана AppStore дүкөндөрүнөн жүктөп биле алышат. Мындан тышкары, маалымат алуу үчүн күнү-түнү иштеген Колл-борборго 105 номери, 0772/0556 00 12 09 же 0702 00 12 09 WhatsApp номери аркылуу кайрылса болот.

Электр энергиясы үчүн төлөмдөрдү төмөнкү жолдор менен реалдуу убакыт режиминде жүргүзүүгө болот:

- **Төлөм терминалдары:** Quickpay, Pay24, UMAI, KICB, MegaCom, "О!", «Оңой»
- **Электрондук капчыктар:** Мбанк, "О!", MegaPay, UMAI, Элсом
- **Банк кассалары:** РСК Банк, Дос Кредо Банк, Бакай Банк, "Кыргызстан" коммерциялык банкы, Халык Банк, KICB Банк, Оптима Банк
- **"Кыргызпочтасы" мамлекеттик ишканасынын бөлүмдөрү**

Абоненттер өз төлөмдөрүн өз убагында жүргүзүүсү сунушталат.