> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Май айынан тарта электр энергиясы 27 тыйынга жогорулайт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/24/mai-aiynan-tarta-eliektr-enierghiiasy-27-tyiyngha-zhoghorulait/
- Published: 2026-02-24T05:52:07.000Z
- Updated: 2026-02-24T05:52:06.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Экономика

**2026-жылы электр энергиясынын тарифи май айынан тартып 27 тыйынга көтөрүлөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Өндүрүштүк саясат, транспорт, күйүүчү-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында Энергетика министри Таалайбек Ибраев билдирди.**

Анын айтымында, мурда бекитилген графикке ылайык, ар жылдын май айында электр энергиясынын тарифи көтөрүлөт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/989092662-1.jpg)

> "2027-жылы тариф 33 тыйынга, 2028-жылы — 39 тыйынга, 2029-жылы — 47 тыйынга, 2030-жылы — 57 тыйынга көтөрүлөт. Ошондо гана тариф биздин өндүргөн электр энергиябыздын чыгымын толук жабат", — деп белгиледи министр.