> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто "Исанов" көмөкчордону үчүн маршруттук изилдөө дрондор менен жүргүзүлүүдө
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/26/oshto-isanov-komokchordonu-uchun-marshruttuk-izildoo-drondor-mienien-zhurghuzuluudo/
- Published: 2026-02-26T09:39:49.000Z
- Updated: 2026-02-26T09:39:49.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Ош облусунда курулушу пландалып жаткан 220 кВ "Исанов" көмөкчордону боюнча маршруттук изилдөө иштери дрондор аркылуу жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Электр чубалгылары өтүүчү трасса абадан тартылып, маалыматтар 3D форматта иштелүүдө. Бул жер кыртышынын рельефин жана курулуштагы мүмкүн болгон кыйынчылыктарды так аныктоого мүмкүндүк берет.

> Консультациялык кызматтарды ирандык Monenco Iran компаниясы көрсөтүүдө. Экологиялык жана социалдык изилдөөлөр MERCADOS ARIES INTERNATIONAL, S.A. менен биргеликте 2026-жылдын 27-февралынан 31-мартына чейин жүргүзүлөт.

Долбоордун алкагында 110 кВ жаңы аба чубалгылары курулуп, "Кара-Шоро", "Кара-Кулжа" жана "Каратай" көмөкчордондору "Исанов" көмөкчордонуна кошулат.

Жаңы чубалгылардын узундугу:

- "Исанов – Кара-Кулжа" – 40 км
- "Исанов – Каратай" – 60 км
- Эки чынжырлуу "Исанов – Кара-Шоро" – 3 км

> Иштер "Кайра жаралуучу энергетиканы өнүктүрүү – I фаза" (KRED) долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө.