> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Караколдогу “Пржевальская” көмөк чордонунун кубаттуулугу жогорулайт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/02/27/karakoldoghu-przhievalskaia-komok-chordonunun-kubattuulughu-zhoghorulait/
- Published: 2026-02-27T05:42:03.000Z
- Updated: 2026-02-27T05:42:02.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Каракол шаарындагы 110/35/10 кВ “Пржевальская” көмөк чордону учурда эки күчтүк трансформатор менен иштеп жатат. 2025-жылы 25 МВА кубаттуулуктагы трансформатор 40 МВАга алмаштырылган. Быйыл дагы бир 25 МВА трансформатор 40 МВА кубаттуулуктагы жаңы жабдууга алмаштырылат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Натыйжада көмөк чордонунун кубаттуулугу 15 МВАга жогорулап, жалпы кубаттуулук 80 МВАны түзөт. Бул электр тармагындагы жүктөмдү азайтып, Каракол шаары жана Ак-Суу районунун бир катар айылдарын туруктуу жана сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого шарт түзөт.

> Учурда “Пржевальская” көмөк чордон аркылуу 14 752 кардар электр энергиясы менен камсыз болууда. 2023-жылы бул көрсөткүч 13 759 болгон. Акыркы үч жылда кардарлардын саны дээрлик 1 000ге көбөйгөн.

Жаңылоо иштери 2026-жылдын аягына чейин аяктайт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/1-175.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/2-99.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/02/4-66.jpeg)