> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Бугу-Эне-Багыш" жаңы конушуна 53 млн сом бөлүнөт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/01/bughu-enie-baghysh-zhany-konushuna-53-mln-som-bolunot/
- Published: 2026-03-01T04:38:10.000Z
- Updated: 2026-03-01T04:38:09.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Коом

**"Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивин электр менен камсыздоого 53 млн сом бөлүнөт.**

Бишкек шаардык капиталдык курулуш башкармалыгы "Бугу-Эне-Багыш" турак жай массивинде жайгашкан жеке турак үйлөрдү электр энергиясы менен камсыздоо боюнча тендер жарыялады.

Мамлекеттик сатып алуулар порталынын маалыматына ылайык, бул максатка 53 млн 451 миң сом бөлүү пландалууда. Жеткирүүчүлөрдүн сунуштары 16-мартка чейин кабыл алынат.