> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте 113 трансформатордук көмөк чордон капиталдык оңдоодон өткөрүлөт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/02/bishkiektie-113-transformatorduk-komok-chordon-kapitaldyk-ondoodon-otkorulot/
- Published: 2026-03-02T06:48:02.000Z
- Updated: 2026-03-02T06:48:01.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин тапшырмасына ылайык, Бишкек шаарында энергетикалык инфраструктураны жаңылоо боюнча пландуу оңдоо иштери башталды. Министрликтин тапшырмасына ылайык, "НЭСК" ААКсынын филиалы — Бишкек электр тармактар ишканасы март айынан ноябрь айына чейин иштерди жүргүзөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Пландалган иштердин алкагында:

- 113 трансформатор капиталдык оңдоодон өткөрүлөт;
- 10–6/0,4 кВ чыңалуудагы 51 чакырымдан ашык аба чубалгылары оңдолот;
- 6 кВ чыңалуудагы 5 чакырым аба чубалгысы СИП-3 зымдарына алмаштырылат;
- 10–6/0,4 кВ чыңалуудагы 2 чакырымдан ашык кабелдик чубалгы реконструкцияланат;
- 25 трансформатор кубаттуулугу жогору жабдууларга алмаштырылат;
- 2 даана шаар тибиндеги комплекттүү көмөк чордон орнотулат.

> Мындан тышкары, 575 трансформатор жана 560 чакырым аба чубалгылары кезектеги оңдоодон өткөрүлөт. Иш-чаралар "КУЭТ" ААКнын өздүк каражаттарынын эсебинен каржыланат.

Аталган иштер электр тармактарынын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга, авариялык кырдаалдарды азайтууга жана күз-кыш мезгилинде керектөөчүлөрдү үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыз кылууга багытталган.

> Пландалган жумуштардын графиги [www.bipes.nesk.kg](http://www.bipes.nesk.kg/) расмий сайтында жарыяланат. Ошондой эле маалыматтар "Мой свет" мобилдик тиркемеси аркылуу жеткирилет.