> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Кумтөр" 702 млн сомго ири энергетикалык объекттерди курат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/02/kumtor-702-mln-somgho-iri-enierghietikalyk-obiekttierdi-kurat/
- Published: 2026-03-02T12:25:23.000Z
- Updated: 2026-03-02T12:25:22.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Саясат

**"Кумтор Оперейтинг Компани" ЖАКы Жети-Өгүз районунда ири энергетикалык объекттерди куруу боюнча тендер жарыялады. Долбоордун жалпы баасы 702,8 млн сомго жакын деп бааланууда.**

Тендердик документтерге ылайык, төмөнкү объекттер курулат:

- Сары-Бел жайлоосунда **110/35/6 кВ** көмөкчордону;
- **110/10 кВ "Ак-Шыйрак"** көмөкчордонунан Сары-Белге чейин **110 кВ** аба электр берүү линиясы;
- "Ак-Шыйрак" көмөкчордонунда 110 кВ ячейкаларын орнотуу.

Объект деңиз деңгээлинен 3 миң метрден жогору бийик тоолуу аймакта жайгашкан. Иштерди аткаруу мөөнөтү — 12 ай.

Тендерге арыздар 2026-жылдын 13-мартына чейин кабыл алынат. 

Каржылык шарттар:

- келишимди аткарууну камсыздоо кепилдиги — **5%**;
- алдын ала төлөм — **50%**;
- кепилдик мөөнөтү — **24 ай**.

Талапкерлерге катуу шарттар коюлган:

- акыркы 10 жылдагы окшош долбоорлор боюнча тажрыйбаны ырастоо;
- 2024 жана 2025-жылдар үчүн финансылык отчеттуулук;
- Кыргызстанда салыктар жана камсыздандыруу төлөмдөрү боюнча карыз жок экендиги тууралуу маалымкат.

Учурда катышуучулар бир катар маанилүү маселелер боюнча түшүндүрмө сурашууда. Тактап айтканда: 

- долбоордун техникалык татаалдыгына байланыштуу арыз берүү мөөнөтүн **2026-жылдын апрелине чейин узартуу**;
- төлөм графигин конкреттүү этаптарга (жабдууларды жеткирүү, курулуш-монтаж иштерин аяктоо) байланыштыруу;
- төлөм валютасын тактоо — эсеп-фактураларды **доллар же кытай юаны** менен берүү мүмкүнчүлүгү (Улуттук банктын курсу боюнча конвертациялоо шарты менен);
- катаал климаттык шарттардан улам кыш мезгилиндеги сезондук чектөөлөрдү эске алуу.