> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Чакан ГЭС" ААКы Орто-Токой ГЭСин ишке киргизип, 20 кубаттоочу станция орнотот
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/03/chakan-ges-aaky-orto-tokoi-gesin-ishkie-kirghizip-20-kubattoochu-stantsiia-ornotot/
- Published: 2026-03-03T06:45:24.000Z
- Updated: 2026-03-03T06:45:24.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Саясат

**2026-жылы "Чакан ГЭС" ААК электр жабдууларын жаңылоо боюнча комплекстүү программаны ишке ашырарын Энергетика министрлигинен билдиришти.**

"Чакан ГЭСтин" 2026-жылга карата иш-планында гидроагрегаттарды капиталдык оңдоо, эски станцияларды реконструкциялоо, ошондой эле жаңы объекттерди ишке киргизүү каралган.

Иш-пландын алкагында төмөнкү гидроагрегаттарды капиталдык оңдоо пландалууда:

- ГЭС-3түн №1 гидроагрегатында;
- ГЭС-4түн №1 гидроагрегатында;
- ГЭС-5тин №2 гидроагрегатында;
- ГЭС-6нын №2 гидроагрегатында.

Мындан тышкары:

- ГЭС-1дин №1 гидроагрегатында оңдоо иштерин жүргүзүү;
- Быстровка ГЭСинин №2 гидроагрегатында ремонттук иштер;
- Орто-Токой ГЭСин пайдаланууга берүү;
- Папан ГЭСинин курулушун улантуу;
- Лебединов ГЭСин реконструкциялоо;
- Электромобилдер үчүн 20 кубаттоочу станция орнотуу каралган.

> "Бул иштер жабдуулардын кызмат мөөнөтүн узартууга жана 2026-2027-жылдардагы күз-кыш мезгилинде анын туруктуу иштешин камсыздоого мүмкүндүк берет", - деп айтылат маалыматта.