> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттар реконструкцияланууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/04/uch-korghon-gesindie-1-zhana-2-ghidroaghrieghattar-riekonstruktsiialanuuda/
- Published: 2026-03-04T08:48:56.000Z
- Updated: 2026-03-04T08:48:55.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык, эскилиги жеткен ири ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Учурда "Электр станциялар" ААКсына караштуу Үч-Коргон ГЭСинде эки гидроагрегатты модернизациялоо иштери жүрүп жатат. №2 гидроагрегатты демонтаждоо иштери 90%га аяктады, ал эми №1 гидроагрегатты демонтаждоо иштери башталды. Адистер эски жабдууларды алып чыгып, жаңы гидроагрегаттарды орнотууга даярдык көрүшүүдө.

> Үч-Коргон ГЭСи төрт гидроагрегаттан турат. Ар биринин баштапкы кубаттуулугу 45 МВт, станция жылына 800 миллиондон ашык кВт/саат электр энергиясын өндүрөт.

Реконструкция аяктагандан кийин станциянын кубаттуулугу 180 МВттан 216 МВтка чейин көбөйүп, жылдык өндүрүш 984 миллиондон ашык кВт/саатка жетет.

Реконструкцияланып жаткан гидроагрегаттарды 2026-жылдын аягына чейин ишке киргизүү пландалууда.

**Маалымат үчүн:** Үч-Коргон ГЭСи 1962-жылы ишке берилген жана Нарын дарыясынын боюнда жайгашкан. Станция өлкөнүн түштүк аймагын электр энергиясы менен камсыз кылууда маанилүү ролду ойнойт.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/2-7.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-6.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-5.jpeg)