> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Манас районунда электр тармактарын жаңылоо иштери башталды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/05/manas-raionunda-eliektr-tarmaktaryn-zhanyloo-ishtieri-bashtaldy/
- Published: 2026-03-05T04:31:47.000Z
- Updated: 2026-03-05T04:31:47.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин реформасынын алкагында Манас районунда аба чубалгыларында 574,726 км техникалык тейлөө иштери башталды. Аталган иш-аракеттер Талас электр тармактар ишканасы тарабынан 2026-жылдын ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Атап айтканда 10 кВ аба чубалгыларында 272,980 км, 0,4 кВ аба чубалгыларында 301,746 км техникалык тейлөө иштери жүргүзүлүүдө.Ошондой эле, 41,405 км 10 кВ аба чубалгыларында капиталдык оңдоо иштери пландалууда.

> Муну менен катар Манас районунда эскирген 243 даана жаңы мамычалар жаңы темир-бетон мамычаларга алмаштырылат. 

Мындан тышкары, СИП-2 зымы — 13,3 км жаңыланса, СИП-3 зымы — жалпы 3,2 км тартылат,анын ичинен 1200 метр эски зымдар жаңыланса, 2 км 10 кВ жаңы зымдар тартылат. 

> Трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу жана кошумча трансформатор орнотуу максатында аткарылган иштердин алкагында Манас районунда:  
> Кошумча трансформатор орнотуу — 5 даана;  
> Трансформаторлордун кубаттуулугун жогорулатуу — 4 даана;  
> Капиталдык ремонттон өткөрүү — 25 даана трансформатор;  
> Техникалык тейлөө — 138 даана;

Бул иштер электр тармактарынын туруктуу иштешин камсыз кылууга, авариялык өчүүлөрдүн санын азайтууга жана керектөөчүлөрдү сапаттуу электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/1-22.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/3-10.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/4-10.jpeg)