> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ошто 135 км СИП чубалгылары жаңыланып тартылат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/05/oshto-135-km-sip-chubalghylary-zhanylanyp-tartylat/
- Published: 2026-03-05T05:00:10.000Z
- Updated: 2026-03-05T05:00:10.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлигинин тармакты өнүктүрүүгө багытталган реформаларынын алкагында 2026-жылы Ош облусунда масштабдуу курулуш жана реконструкция иштери жүргүзүлөт. Анын негизинде жалпысынан 134,64 чакырым СИП аба чубалгысы жаңыдан курулуп жана эскилиги жеткен өткөргүчтөр жаңыланат. Бул тууралуу Ош электр тармактар ишканасынан билдиришти.** 

Бул иштер заманбап өзүн-өзү көтөрүүчү изоляцияланган өткөргүчтөрдү (СИП) колдонуу менен ишке ашырылып, электр энергиясын жеткирүүнүн сапатын жакшыртууга, авариялык өчүүлөрдү азайтууга жана техникалык жоготууларды төмөндөтүүгө багытталган.

> 2026-жылга карата пландалган иштер:   
> 10 кВ аба чубалгысын жаңы куруу - 16,33 км   
> 10 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо - 50,67 км   
> 0,4 кВ аба чубалгысын жаңы куруу - 15,3 км   
> 0,4 кВ аба чубалгысын реконструкциялоо - 52,34 км.

Аткарыла турчуу иштер Ош облусунун тургундарын жана керектөөчүлөрдү туруктуу, сапаттуу жана коопсуз электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт. Күз-кыш мезгилдерине карата даярдык көрүүнүн алкагындагы бул жумуштар март айында башталып, ноябрь айына чейин жүргүзүлөт.

Энергетика тармагындагы модернизация иштери мындан ары да ырааттуу улантылат.