> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте быйыл 278 жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырылат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/09/bishkiektie-byiyl-278-zhyghach-mamy-tiemir-bieton-mamylargha-almashtyrylat/
- Published: 2026-03-09T05:27:11.000Z
- Updated: 2026-03-09T05:27:10.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Саясат

**Быйыл Бишкек шаарында электр тармактарын модернизациялоонун алкагында 278 даана эски жыгач мамы темир-бетон мамыларга алмаштырыларын Энергетика министрлиги билдирди.**

Жаңылоо иштери борбор калаанын электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык өчүрүүлөрдү азайтуу максатында жүргүзүлүүдө. Алмаштырыла турган мамылар 1960–1970-жылдары орнотулуп, колдонуу мөөнөтү эчак өтүп кеткен.

2026-жылга пландалган иштер:

- Түндүк РЭТ — 125 даана;
- Батыш РЭТ — 103 даана;
- Чыгыш РЭТ — 50 даана.

Иштерди 2026-жылдын ноябрь айынын аягына чейин бүтүрүү пландалууда. 

> Белгилей кетсек, 2025-жылы шаар боюнча 671 даана темир-бетон мамы орнотулган.