> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Жалал-Абадда 555 трансформатор оңдолуп, 14ү жаңы орнотулат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/09/zhalal-abadda-555-transformator-ondolup-14u-zhany-ornotulat/
- Published: 2026-03-09T05:01:53.000Z
- Updated: 2026-03-09T05:01:53.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Быйыл Жалал-Абад облусунда 6–10/0,4 кВ болгон 555 трансформатор оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, кошумча 14 жаңы трансформатор орнотулат. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Маалыматка ылайык, иштер 2026-жылдын март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Жабдууларды жаңылоо “КУЭТ” ААК тарабынан каржыланып, ал эми иш-чараларды Жалал-Абад электр тармактар ишканасы ишке ашырат.

> Оңдоо иштеринин алкагында трансформаторлордун техникалык абалы текшерилип, эскирген тетиктер алмаштырылып, керектүү техникалык тейлөө жүргүзүлөт. Ал эми жаңы трансформаторлорду орнотуу электр энергиясын берүүнүн сапатын жакшыртып, тармактагы жүктөмдү тең салмактоого жана керектөөчүлөрдү туруктуу камсыз кылууга шарт түзөт.

Жаңылоо иштери Аксы, Ала-Бука, Базар-Коргон, Ноокен, Сузак, Токтогул жана Чаткал райондорунда, ошондой эле Кара-Көл, Майлуу-Суу, Таш-Көмүр, Манас шаарларында жана Көк-Арт өрөөнүндө жүргүзүлөт. Бул аймактарда ондогон трансформаторлор оңдолуп, айрым жерлерде жаңы трансформаторлор орнотулат.

> Белгиленгендей, Жалал-Абад электр тармактар ишканасынын карамагында облус боюнча жалпысынан 4348 трансформатор бар. Алардын бардыгы жыл аягына чейин этап-этабы менен техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.