> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Күн-Туу" көмөкчордонунун кубаттуулугу 50 МВАга чейин көбөйтүлөт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/10/kun-tuu-komokchordonunun-kubattuulughu-50-mvagha-chieiin-koboitulot/
- Published: 2026-03-10T04:58:36.000Z
- Updated: 2026-03-10T04:58:35.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Чүй облусунда энергетикалык объекттерди куруу жана модернизациялоо долбоорлору ишке ашырылууда. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Учурда 250 МВА 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөкчордонуна экинчи кезектеги курулуш иштери башталды. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 25 МВА болгон күч трансформатору орнотулат. Натыйжада көмөкчордондун кубаттуулугу 50 МВАга чейин жогорулап, анын өткөрүү мүмкүнчүлүгү кыйла артат.

Курулуш-монтаж иштеринин алкагында төмөнкү иштер аткарылат:

- 110 кВ өчүргүчүн орнотуу;
- 110 кВ ажыраткычтарды монтаждоо;
- 7 даана КРУН уячасын орнотуу;
- 110 кВ ток жана чыңалуу трансформаторлорун монтаждоо;
- жерге туташтыруу жабдууларын орнотуу;
- 110 кВ ашыкча чыңалуудан коргоочу чектегичтерди орнотуу.

> Бул иштер электр энергиясы менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатып, көмөкчордондун кубаттуулугун арттырууга жана Чүй облусунун энергетикалык инфраструктурасын туруктуу өнүктүрүүгө шарт түзөт.

Аталган долбоорду 2026-жылдын аягына чейин ишке ашыруу пландалууда.