> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүй жана Талас облустарында темир-бетон буюмдарды жасоочу цех курулат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/12/chui-zhana-talas-oblustarynda-tiemir-bieton-buiumdardy-zhasoochu-tsiekh-kurulat/
- Published: 2026-03-12T05:42:23.000Z
- Updated: 2026-03-12T05:42:23.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, #Жаңылыктар

**Энергетика министрлигинин жүргүзүп жаткан реформасынын алкагында, "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКы өздүк каражатынын эсебинен Талас жана Чүй облустарында темир-бетон буюмдарын жасоочу цехти ишке киргизүүнү пландаштырып жатканын ведомствонун басма сөз кызматы маалымдады.** 

Учурда темир-бетон буюмдарын жасоочу цехтин жерлери такталып, долбоору чийилип, тендер аркылуу куруучу фирма аныкталып, тиешелүү документтер даярдалып бүттү. 

Күндүн жылышы менен курулуш иштери башталат. Бул темир-бетон жасоочу цехтин ишке берилиши менен Талас, Чүй облустары жана Бишкек шаары темир-бетон электр мамылары жана башка темир-бетон буюмдары менен толук камсыз болот. 

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/650856130_917491730875803_4560036419419976643_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/651016611_917491917542451_3548020419036003504_n.jpg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/651252037_917491887542454_778517090004252746_n.jpg)

Муну менен катар кошумча жумушчу орундар түзүлүп, өндүрүлгөн буюмдар облустун энергетика тармагын жаңылоо үчүн колдонулат. Ошондой эле аймактагы капиталдык курулуш объектилерин сапаттуу жана жеткиликтүү баада камсыз кылууга өбөлгө түзөт.

Темир-бетон буюмдарды жасоочу цехтин курулуш иштерин ушул жылдын август-сентябрь айларында аяктап, ишке берүү пландаштырылып жатат.

Мындай темир-бетон буюмдарды жасоочу цехтер Ысык-Көл, Нарын, Жалал-Абад, Ош облустарында бар. Бир жылдык өндүрүү 12000 даана. Электр менен камсыздоо маселелери боюнча кошумча маалымат алуу үчүн "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААКтын күнү-түнү иштеген колл-борборуна кайрылсаңыздар болот: 105 (чалуу акысыз) +996 772 001209, 0556 001209 WhatsApp: +996 702 001209