> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон ГЭСинде гидроагрегаттарды модернизациялоо уланууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/12/uch-korghon-gesindie-ghidroaghrieghattardy-modiernizatsiialoo-ulanuuda/
- Published: 2026-03-12T06:02:58.000Z
- Updated: 2026-03-12T06:09:28.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Экономика

**Энергетика министрлигинин генерацияны жогорулатуу боюнча тапшырмасына ылайык эскирген ГЭСтердин гидроагрегаттарын реконструкциялоо иштери жүргүзүлүүдө. Бул багытта Үч-Коргон ГЭСин модернизациялоо иштери уланууда, ал жерде жаңы гидроагрегат орнотууга даярдык көрүлүп жатат.**

Долбоордун алкагында негизги жабдуулардын көпчүлүгү станциянын кампасына жеткирилген. Бүгүнкү күндө №2 гидроагрегат үчүн керектүү жабдуулардын 47,3%ы келип түшкөн. Учурда №2 гидроагрегатта турбинанын жумушчу дөңгөлөгүнүн камерасын демонтаждоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Ошол эле учурда №1 гидроагрегатта турбинанын валын демонтаждоого даярдык көрүлүп, 10,5 кВ чыңалуудагы көмөкчү жабдуулар жана ток өткөргүчтөр демонтаждалып жатат. Учурда долбоорду ишке ашырууга 80ден ашуун адис тартылган.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/94fbbeb9-2629-42b6-bc59-f857572049e2.jfif-1.jpeg)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/03/ff1f1355-1d95-462e-89c0-64663d813455.jfif.jpeg)

Эскерте кетсек, Үч-Коргон ГЭСиндеги гидроагрегаттарды модернизациялоо иштери 2024-жылы башталган. Буга чейин станциянын №4 жана №3 гидроагрегаттары жаңыланып, пайдаланууга берилген.

> 2026-жылы бир эле учурда №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери жүргүзүлүп жатат, аны ушул жылдын аягына чейин аяктоо күтүлүүдө.

> **Эки гидроагрегатты модернизациялоо аяктагандан кийин станциянын орнотулган кубаттуулугу 198ден 216 мегаваттка чейин көбөйөт**, ал эми негизги жабдуулардын иштөө мөөнөтү бир нече ондогон жылдарга узартылат.