> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Бишкекте 38 жаңы трансформатор орнотулат
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/16/byiyl-bishkiektie-38-zhany-transformator-ornotulat/
- Published: 2026-03-16T04:07:36.000Z
- Updated: 2026-03-16T04:07:36.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, #Жаңылыктар

**Быйыл Бишкек шаарында чыңалуусу 6–10/0,4 кВ болгон 298 трансформатор оңдоодон өтүп, 38 жаңы трансформатор орнотуларын Энергетика министрлиги билдирди.**

Маалыматка ылайык, бул иштер март айынан ноябрь айына чейин жүргүзүлөт. Трансформаторлор төмөнкү райондук электр тармактарында жаңыланат:

- Чыгыш РЭТ: 113 даана оңдолуп, 25 даана жаңысы орнотулат;
- Батыш РЭТ: 100 даана оңдолуп, 3 даана жаңысы орнотулат;
- Түндүк РЭТ: 85 даана оңдолуп, 10 даана жаңысы орнотулат.

Белгилей кетсек, Бишкек электр тармактар ишканасынын балансында жалпы 2 248 даана трансформатор бар. Жылдын аягына чейин алардын бардыгы техникалык тейлөөдөн жана оңдоп-түзөөдөн өткөрүлөт.