> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Январь айында Кыргызстанда 1,8 млрд кВт/саат электр энергиясы өндүрүлдү
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/16/ianvar-aiynda-kyrghyzstanda-1-8-mlrd-kvt-saat-eliektr-enierghiiasy-onduruldu/
- Published: 2026-03-16T10:18:38.000Z
- Updated: 2026-03-16T10:18:38.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Экономика

**2026-жылдын январь айында Кыргызстанда электр энергиясын өндүрүү 1 млрд 880,4 млн кВт/саатты түзгөнүн Улуттук статистика комитетинин маалыматтарын талдоонун негизинде белгилүү болду.**

> Салыштыруу үчүн, 2025-жылдын январь айында өлкөдө 2 млрд 9,4 млн кВт/саат электр энергиясы өндүрүлгөн. Демек, быйылкы көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 129 млн кВт/саатка же 6,4%га азайган.

Буга чейин, 2025-жылдын сентябрь айында энергетика министри Таалайбек Ибраев бул кыш Кыргызстан үчүн эң оор кыш болорун билдирген.

Ошол убактан тартып республикада электр энергиясын үнөмдөө чаралары активдүү киргизиле баштаган. 2025-жылдын ноябрь айынын ортосуна карата бийлик төмөнкүдөй чараларды кабыл алган:

— административдик жана мамлекеттик мекемелерде кечки убакта сырткы жарыктандырууну колдонууга тыюу салынган;

  
— мектептерде саат 18:00дөн кийин электр энергиясын колдонуу чектелген;

  
— калк үчүн жаңы кубаттуулук чеги киргизилип, ал 3 кВт менен чектелген. 

Натыйжада тургундар кир жуугуч машинаны же электр чайнегин иштетүүнүн бирин тандаганга туура келет;

  
— 2026-жылдын март айынын аягына чейин майнинг-фермалардын ишмердүүлүгүнө тыюу салынган;

  
— Бишкек мэриясы кафе, ресторан жана түнкү клубдарда электр энергиясын көп керектеген жабдууларды (электр плиталары, жылыткычтар, мештер жана башкалар) саат 22:00дөн кийин өчүрүп коюу талабын киргизген. Кийин бул талап жумшартылган;

  
— президент электр энергиясын импорттоонун көлөмүн мүмкүн болушунча кыскартууну тапшырган.