> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери 22,7 млн кВт/саат электр энергиясын өндүрдү
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/17/kara-kol-gesi-ishkie-kirghiendien-bieri-22-7-mln-kvt-saat-eliektr-enierghiiasyn-ondurdu/
- Published: 2026-03-17T06:29:27.000Z
- Updated: 2026-03-17T06:29:26.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Кара-Көл ГЭСи ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти.** 

Уучурда штаттык режимде иштеп, электр энергиясын туруктуу өндүрүп жатат. Аталган станция 2025-жылдын 27-октябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин катышуусунда пайдаланууга берилген.

> Аталган ГЭС ишке киргенден бери жалпысынан 22 млн 702 миң кВт/саат электр энергиясын өндүрдү.

- 2025-жылы — 10 млн 289 миң кВт/саат
- 2026-жылы — 12 млн 413 миң кВт/саат

Долбоор мамлекеттик-жеке өнөктөштүк алкагында "Чакан ГЭС" ААКнын катышуусу менен ишке ашырылган.

> Кара-Көл ГЭСинин орнотулган кубаттуулугу 18 МВтты түзөт. Орточо жылдык электр энергиясын өндүрүү көлөмү 110 млн кВт/саат деп күтүлүүдө.

Мындай долбоорлор өлкөнүн генерациялык кубаттуулугун жогорулатып, гидроэнергетикалык потенциалды натыйжалуу пайдаланууга жана калкты туруктуу электр энергиясы менен камсыздоого өбөлгө түзөт.