> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кубада электр энергиясын берүү калыбына келтирилди
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/18/kubada-eliektr-enierghiiasyn-bieruu-kalybyna-kieltirildi/
- Published: 2026-03-18T05:17:24.000Z
- Updated: 2026-03-18T05:17:23.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, #Жаңылыктар

**Кубанын энергетиктери ири масштабдагы блэкауттан кийин өлкөнүн көпчүлүк аймактарында электр энергиясын калыбына келтиришти. Жарык батыштагы Пинар-дель-Рио провинциясынан чыгыштагы Ольгин аймагына чейин берилди.**

Reuters агенттигинин маалыматына ылайык, күн ичинде жарыксыз калган жалгыз аймак — өлкөнүн экинчи ири шаары Сантьяго-де-Куба болгон. Кечкисин ал жерде да электр энергиясы кайра берилди.

16-мартта Кубада электр энергиясы толугу менен өчүп калган. Бул АКШ аралга мунай жеткирүүнү токтоткондон кийинки алгачкы ири масштабдагы өчүрүү болду.

13-мартта Кубанын президенти Мигель Диас-Канель АКШ менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөнүн билдирип, анда "чечүүнү талап кылган эки тараптуу маселелер аныкталганын" айткан.