> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда 2030-жылы электр энергиясын керектөө 21,6 млрд кВт/саат болот
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/19/kyrghyzstanda-2030-zhyly-eliektr-enierghiiasyn-kieriektoo-21-6-mlrd-kvt-saat-bolot/
- Published: 2026-03-19T13:55:56.000Z
- Updated: 2026-03-19T13:55:55.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, #Жаңылыктар

**Кыргызстанда электр энергиясына болгон суроо-талап 2030-жылга карата 21,6 млрд киловатт-саатка чейин өсөрүн Евразия өнүктүрүү банкынын тармактык талдоо борборунун улук аналитиги Демир Кабылбаев 19-мартта энергетикалык өтүү боюнча баяндама презентациясында билдирди.**

Маалыматка ылайык, 2024-жылы фактикалык керектөө 18,3 млрд кВт·с түзгөн (2025-жылдын жыйынтыгы боюнча — 19,3 млрд кВт·с).

Диаграммага ылайык, Борбор Азия боюнча жалпы суроо-талап 2030-жылга карата 368 млрд кВт·с жетет. Өлкөлөр боюнча көрсөткүчтөр төмөнкүдөй болот:

- Казакстан — 151,2 млрд кВт·с;
- Өзбекстан — 130 млрд кВт·с;
- Түркмөнстан — 35 млрд кВт·с;
- Тажикстан — 30 млрд кВт·с;
- Кыргызстан — 21,6 млрд кВт·с.

Аналитиктин айтымында, акыркы он жыл ичинде (2014–2024) аймакта электр энергиясын керектөө жыл сайын орточо 3,2%га өсүп келген.

"Аймак төмөн деңгээлден баштап, активдүү экономикалык өнүгүүдө. Бул, албетте, электр энергиясын керектөөнүн өсүшү менен коштолот. 2030-жылга чейин бул өсүш 5%дан жогору болот", — деди ал.

Анын айтымында, негизги өсүү факторлору төмөнкүлөр болот: өнөр жайдын өнүгүшү, калктын көбөйүшү, шаарлашуу, санариптешүү, ошондой эле мурда анча болбогон жаңы энергияны көп керектеген тармактар — дата-борборлор, криптомайнинг жана электр транспорту.