> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "КУЭТ" компаниясынын 135 млн сомдук акциялар пакети Финансы министрлигинен Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилди
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/20/kuet-kompaniiasynyn-135-mln-somduk-aktsiialar-pakieti-finansy-ministrlighinien-enierghietika-ministrlighinie-otkorulup-bierildi/
- Published: 2026-03-20T05:21:08.000Z
- Updated: 2026-03-20T05:21:07.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Саясат

**"Кыргызстандын улуттук электр тармактары" (КУЭТ) ААК компаниясынын баалуу кагаз ээлеринин тизмесинде өзгөрүүлөр болду. Кыргыз фондулук биржасынын маалыматына ылайык, 2026-жылдын 11-мартынан тарта "Кыргыз Республикасынын Энергетика министрлиги" мекемеси компаниянын 81 млн 596 миң 189 даана жөнөкөй акциясынын ээси болуп калды.** 

Бул аталган компаниянын уставдык капиталындагы **0,18% үлүштү** түзөт жана анын жалпы суммасы **135 млн 34 миң 24,83 сом**.

> Өзгөрүүгө чейин бул үлүш "Финансы министрлиги" мекемесине таандык болгон. Өзгөрүүдөн кийин 81 млн 596 миң 189 акциядан турган пакет Финансы министрлигинин менчигинен чыгарылды.

Ошентип, компаниясыныын уставдык капиталындагы 0,18% үлүш Финансы министрлигинен Энергетика министрлигине өткөрүлүп берилди.