> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Ысык-Көл облусунда быйыл шамал электр станциясы курулуп баштайт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/22/ysyk-kol-oblusunda-byiyl-shamal-eliektr-stantsiiasy-kurulup-bashtait/
- Published: 2026-03-22T03:58:58.000Z
- Updated: 2026-03-22T03:58:57.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Кызыктуу

**Ысык-Көл облусунда Россиянын "Росатом" корпорациясы менен биргеликте курула турган шамал электр станциясынын биринчи этабы быйыл башталарын министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Мир" телеканалына берген маегинде билдирди.**

Анын айтымында, бул стратегиялык долбоор боюнча даярдык иштери 2024-жылдан бери жүргүзүлүп келет.

> "Быйылкы жылы долбоордун каржылык бөлүгү толугу менен аяктайт. "Росатом" менен тийиштүү кредиттик келишимге кол коюлган. Октябрь-ноябрь айларында станцияны монтаждоо иштери башталат. Декабрь айында станциянын биринчи бөлүгү ишке киргизилиши күтүлүүдө. Долбоордун экинчи этабы 2027-жылы бүткөрүлүп, станция толук кубаттуулукта иштей баштайт", - деди ал.

Адылбек Касымалиев бул долбоор Кыргызстандын энергетикалык коопсуздугун бекемдөөдө жана кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүүдө маанилүү кадам экенин баса белгиледи.