> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда КЖЭБ электр энергиясын сатып алуу 4 сом 42 тыйындан ашпайбы?
- URL: https://im.kg/energetika/2026/03/31/kyrghyzstanda-kzheb-eliektr-enierghiiasyn-satyp-aluu-4-som-42-tyiyndan-ashpaiby/
- Published: 2026-03-31T06:54:57.000Z
- Updated: 2026-03-31T06:54:56.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Саясат

**Кайра жаралуучу энергия булактарынан (КЖЭБ) өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алуунун эң жогорку тарифи 4 сом 42 тыйынды түзөрүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында энергетика министринин орун басары Насипбек Керимов билдирди.**

Анын айтымында, республикада жыл сайын жаңылануучу энергия булактары активдүү өнүгүп жатат.

> "КЖЭБ жөнүндө мыйзамга ылайык, мамлекет кичи ГЭСтерден жана күн электр станцияларынан өндүрүлгөн электр энергиясын сатып алууга милдеттүү. Эң жогорку тариф 4 сом 42 тыйын. Бирок жакында мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, эми аукцион өткөрүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Анын жардамы менен биз электр энергиясына эң пайдалуу тариф сунуштаган компанияны тандай алабыз", — деди ал.

Айрым депутаттар Энергетика министрлигинен КЖЭБден алынган электр энергиясынын так тарифи боюнча так жооп ала албай жатышканын белгилешти.

> Министрдин орун басары ар бир жаңылануучу энергия булагы үчүн тариф ар башка болорун, бул электр энергиясын өндүрүүгө кеткен чыгымдардын айырмачылыгы менен түшүндүрүлөрүн кошумчалады.