> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Туюк чакан ГЭСи ушул айда иштеп баштайт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/07/tuiuk-chakan-gesi-ushul-aida-ishtiep-bashtait/
- Published: 2026-04-07T12:32:41.000Z
- Updated: 2026-04-07T12:32:40.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Кызыктуу

**Сокулук районунун Сары-Өзөн айыл аймагында жайгашкан Туюк чакан ГЭСинин курулуш иштери бекитилген графикке ылайык толугу менен аяктаганын Сокулук райондук мамлекеттик администрациясы билдирди.**

Учурда объектте акыркы даярдоо жана техникалык текшерүү иштери жүргүзүлүп жатат. Аны расмий түрдө ишке берүү жана электр энергиясын өндүрүп баштоо ушул айда башталат.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_lSn2lrz.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/WhatsApp_Image_Uxud3o0.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

“Аталган долбоорду ишке ашыруу аймактын энергетикалык потенциалын жогорулатууга жана электр энергиясына болгон керектөөнү камсыздоого багытталган. Курулуш процессинде заманбап технологиялар колдонулуп, бардык техникалык жана экологиялык талаптар сакталды”,-деп айтылат маалыматта.