> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Газпром" 2030-жылга чейин Кыргызстандын 60%ын газдаштырат – С.Вакунов
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/10/gazprom-2030-zhylga-cheiin-kyrgyzstandyn-60-yn-gazdashtyrat-s-vakunov/
- Published: 2026-04-10T12:38:55.000Z
- Updated: 2026-04-10T12:38:54.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Саясат

**Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы ири долбоорлордун бири – Кыргызстанды газдаштырып жаткан “Газпром” компаниясы экенин "Биринчи радионун" түз эфиринде аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчиси Сергей Вакунов билдирди.**

Анын айтымында, компания буга чейин газ өткөрүүчү түйүндөрдү курууга 400 млн долларга жакын каражат жумшады. 

“Алдыда 2030-жылга чейин өлкөнү газдаштырууну 60%га жеткирүү тапшырмасы коюлган. Бул биринчи кезекте жылуу үйлөр, таза аба жана кыргызстандыктардын саламаттыгы”,-деди элчи.