> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда электр энергиясынын 74%ын калк, 14%ын бизнес колдонот – АӨБ
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/10/kyrgyzstanda-elektr-energiiasynyn-74-yn-kalk-14-yn-biznes-koldonot-aob/
- Published: 2026-04-10T08:35:17.000Z
- Updated: 2026-04-10T08:35:16.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика

**Бишкек шаарында бүгүн Азия өнүктүрүү банкынын "Азиянын өнүгүүсүнө сереп – 2026-жылдын апрели" презентациясы өттү. Иш-чарада банктын Кыргызстандагы туруктуу директору Чжэн Ву жана өлкөдөгү өкүлчүлүктүн башкы экономисти Гүлнур Керимкулова сөз сүйлөштү.**

Презентацияда мамлекеттик инфраструктуранын маанилүү бөлүгү — энергетика тармагы тууралуу маалыматтар айтылды. 

Гүлнур Керимкулованын айтымында, Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы чоң болгонуна карабастан, жан башына электр энергиясын керектөө болгону болжол менен 2 мегаватт-саатты түзөт. Бул Евразиядагы орточо көрсөткүчтөн (3,1) жана жалпы Евразия боюнча орточодон (6,1) кыйла төмөн.

***Электр энергиясын керектөөнүн түзүмү да өзгөчө:***

- турак жай сектору — болжол менен 74%
- коммерциялык сектор — 14%.

Салыштыруу үчүн, дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөрдө калктын үлүшү 27%ды, ал эми коммерция жана өнөр жайы 42%ды түзөт.

Бул көрсөткүчтөр өлкөдө өнөр жайдын өнүгүүсү чектелүү экенин көрсөтөт. Мындан тышкары, электр энергиясын керектөө өндүрүш кубаттуулуктарынан ашып кеткен жана Кыргызстан таза экспортёрдон импортёрго айланган.

> Экономист белгилегендей, эскирген энергетикалык инфраструктура, суу ресурстарынын жетишсиздиги жана электр энергиясын өндүрүүдөгү көйгөйлөр экономикага таасир берип, өсүштү жайлатып, баалардын туруктуулугуна коркунуч жаратышы мүмкүн.