> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жылуулук түйүндөрүн оңдоо иштери башталат: кайсы көчөлөр жабылат?
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/12/bishkekte-zhyluuluk-tuiundorun-ondoo-ishteri-bashtalat-kaisy-kocholor-zhabylat/
- Published: 2026-04-12T05:14:04.000Z
- Updated: 2026-04-12T05:14:03.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Саясат

**Борбор калаада 15-апрелден тарта Шабдан Баатыр көчөсү жана Фрунзе көчөсү тилкелеринде жылуулук тармактарын реконструкциялоо башталарын муниципалдык "Бишкекжылуулук тармактары" ишканасы билдирди.**

Анын маалыматына ылайык, Шабдан Баатыр көчөсүнүн түштүк тарабы — Курманжан Датка көчөсүнөн Достоевский көчөсүнө чейин, ошондой эле Фрунзе көчөсүнүн Тыныстанов көчөсүнөн Тоголок Молдо көчөсүнө чейинки бөлүгү жабылат.

> Шабдан Баатыр көчөсүндө узундугу 1 миң 80 метр болгон жылуулук тармактары реконструкцияланат. Түтүктөрдүн диаметри 900 ммден 1000 ммге чейин кеңейтилет. Бул тармак 1989-жылы пайдаланууга берилген, иш жүзүндө 37 жыл кызмат өтөгөн, ал эми нормативдик мөөнөтү 25 жыл.

> Фрунзе көчөсүндө иштер 1 миң 120 метрлик тилкеде жүргүзүлөт. Бул жерде түтүктөрдүн диаметри 700 ммден 900 ммге чейин чоңойтулат. Тармак 1988-жылы курулуп, 38 жылдан бери пайдаланылып келет, нормативдик кызмат мөөнөтү 25 жыл.

Мэриядан маалымдашкандай, реконструкция аяктагандан кийин жол толугу менен калыбына келтирилет. Иштер 2026–2027-жылдардагы жылытуу мезгилине даярдык көрүүнүн алкагында жүргүзүлүп, транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаменти менен макулдашылган.