> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Чүйдө ири энергетикалык долбоорлор ишке ашууда
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/14/chuido-iri-energetikalyk-dolboorlor-ishke-ashuuda/
- Published: 2026-04-14T08:24:28.000Z
- Updated: 2026-04-14T08:24:27.000Z
- Author: Айгерим Качкынбекова
- Tags: Энергетика

**Энергетика министрлиги электр менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу максатында Чүй облусунда бир катар ири долбоорлорду ишке ашырууда.**

Ведомствонун маалыматына ылайык, Сокулук районунда 110/35/10 кВ "Манас" көмөкчордонунун үчүнчү кезегинин курулушу башталды. Долбоордун алкагында кубаттуулугу 40 МВА болгон трансформатор орнотулуп, жаңы турак жай конуштарды жана "Манас" эл аралык аэропортун туруктуу электр энергиясы менен камсыз кылуу пландалууда.

> Мындан тышкары, 2026-жылы 110/35/10 кВ "Күн-Туу" көмөкчордонунун экинчи кезегин куруу каралган. Бул долбоор кошумча трансформатор орнотуу аркылуу көмөкчордондун кубаттуулугун 50 МВАга чейин жогорулатат.

Ошондой эле Токмок шаарындагы 220/110/35/10 кВ "Чүй" көмөкчордонунун экинчи кезеги курулуп жатат. Долбоор Чүй, Ысык-Ата жана Кемин райондорун туруктуу электр энергиясы менен камсыздоону жакшыртат.

> Андан сырткары, Чүй районунда темир-бетон мамыларды чыгаруучу заманбап цех куруу пландалууда. Бул ишкана жылына 6 миңге чейин продукция чыгарууга мүмкүнчүлүк берип, жаңы жумуш орундарын түзөт.

Жалпысынан бул долбоорлор аймактагы энергетикалык инфраструктураны жаңылоого, электр менен камсыздоонун сапатын жогорулатууга жана жаңы керектөөчүлөрдү кошууга багытталган.