> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Президенттин катышуусунда “Сокулук”, “Туюк” чакан ГЭСтери ишке кирди
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/20/prezidenttin-katyshuusunda-sokuluk-tuiuk-chakan-gesteri-ishke-kirdi/
- Published: 2026-04-20T09:14:54.000Z
- Updated: 2026-04-20T09:17:09.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**Президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-апрелде, Чүй облусунун Сокулук районундагы “Сокулук” жана “Туюк” чакан ГЭСтерин ишке киргизүү аземине катышты.**

Мамлекет башчысы өз сөзүндө бүгүнкү күндө өлкөдө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын үлүшүн көбөйтүү боюнча ырааттуу саясат жүргүзүлүп жатканын баса белгиледи.

> *“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 48 чакан ГЭС иштейт, алардын жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзөт. Алар энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо, импортко болгон көз карандылыкты азайтууда бир топ роль ойнойт”, - деди Президент.*

> *Президент долбоор Улуттук инвестициялар агенттигинин көмөгү аркылуу “Сокулук ГЭС-3” ЖЧКсы менен түзүлгөн инвестициялык келишимдин негизинде ишке ашырылганын билдирди.*

Келишимдин алкагында эки чакан гидроэлектр станциядан турган каскад курулду. Биринчиси - Сокулук дарыясында кубаттуулугу 9,7 МВт, экинчиси - анын куймасы Туюкта 5,9 МВт. Эки ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 15,6 МВтты түзөт.