> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Электр энергиянын баасы 3,03 сомду түзөт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/24/elektr-energiianyn-baasy-3-03-somdu-tuzot/
- Published: 2026-04-24T10:58:09.000Z
- Updated: 2026-04-24T10:58:08.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**Кыргызстанда быйылтан тарта электр энергиясынын 1 киловатт саатынын өздүк наркы 3,03 сомду түзөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин “Ишеним” депутатык тобунун жыйынында Энергетика министрлигине караштуу отун-энергетика комплексин жөнгө салуу департаментинин директору Тимур Орозалиев билдирди.**

> *Анын айтымында, калк электр энергиясынын ар бир киловатт сааты үчүн 1,37 сом тариф менен төлөйт.*

> *“Бул өздүк нарктын болгону 45,6 пайызын түзөт, калган бөлүгү мамлекеттин жүгүнө түшөт. Жыл сайын электр энергиясынын тарифи 20–30 тыйынга кымбаттап жатат. Социалдык лимит 700 киловатт саат болуп эсептелет”, - деди Тимур Орозалиев.*

> *Ал ошондой эле энергетика тармагында модернизация жана жабдууларды сатып алуу үчүн каражат жетишсиз экенин кошумчалады.*

Депутат Суюнбек Өмүрзаков электр энергиясын керектөө көбөйүп жаткандыгына байланыштуу калк үчүн социалдык лимитти жогорулатууга чакырды.