> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Бишкекте жаңы объектилерди электр энергиясы менен камсыздоо күчөтүлүүдө
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/25/bishkekte-zhany-obektilerdi-elektr-energiiasy-menen-kamsyzdoo-kuchotuluudo/
- Published: 2026-04-25T05:30:46.000Z
- Updated: 2026-04-25T05:30:45.000Z
- Author: Ишкер Media
- Tags: Энергетика

**“КУЭТ” ААКнун Бишкек электр тармактар филиалы шаарда жаңы салынып жаткан объектилерди туруктуу электр энергиясы менен камсыздоо боюнча ири иштерди жүргүзүүдө. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынан кабарлашты**.

Маалыматка ылайык, учурда шаар аймагында заманбап кабелдик чубалгылар тартылып жатат. Анда **жогорку жүктөмгө туруктуу** жана ишенимдүүлүгү жогору болгон **АПвБПуг маркасындагы** (сшитый полиэтиленден) кабелдер колдонулууда.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/---------------------------188--1.png)

Учурда электр линияларын төмөнкү объектилерге тартуу иштери жүрүп жатат:

\-   **электромобилдерди кубаттоо станцияларына** — 6 линия

\- **жаңы автобекеттерге** — 2 линия

\-   **Ош базарына** — 8 линия

\- **турак жай комплекстерине** — 4 линия

Жалпы эсепте **20 кабель линиясы** тартылып, алардын узундугу **46 чакырымга** жетет.

***Бул иштер шаардык инфраструктураны өнүктүрүүгө, ошондой эле жаңы объектилерди сапаттуу жана үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого багытталган.**