> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# "Акылдуу" эсептегичтер 416 инспекторду алмаштырып, 291 млн сомду үнөмдөдү
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/27/akylduu-eseptegichter-416-inspektordu-almashtyryp-291-mln-somdu-unomdodu/
- Published: 2026-04-27T11:39:28.000Z
- Updated: 2026-04-27T11:39:27.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Экономика

**Кыргызстандын энергетика тармагында "акылдуу" эсептегичтерди киргизүү жана санариптештирүү чыгымдарды кыскартууга жана ишти оптималдаштырууга мүмкүндүк берди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди.**

> Анын айтымында, 2023–2025-жылдары жүргүзүлгөн санариптик реформалардын натыйжасында 416 инспектор кыскартылып, 291 млн сом үнөмдөлгөн.

> Мындан тышкары, "Мой свет" мобилдик тиркемеси иштелип чыгып, толук колдонууга киргизилген. Анын негизинде кагаз квитанцияларды таратуу токтотулуп, болжол менен 40 тонна кагаз үнөмдөлгөн.

Эске салсак, учурда депутаттар 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилине даярдык көрүү жана аны өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча министрлер кабинетинин отчетун угушууда.