> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Быйыл Кыргызстанда электр энергиясынын тартыштыгы 4 млрд кВт/саатты түзөт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/27/b-2/
- Published: 2026-04-27T11:25:51.000Z
- Updated: 2026-04-27T11:25:50.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика

**Кыргызстанда 2026-жылы электр энергиясынын тартыштыгы болжол менен 4 млрд кВт⋅саат болорун Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди.**

> Анын айтымында, 2026-жылы өлкө боюнча электр энергиясын керектөө 19,6 млрд кВт⋅саат деңгээлинде күтүлүүдө. Ошол эле учурда ички булактар аркылуу 15,7 млрд кВт⋅саат гана камсыз кылынат.

Калган көлөм, болжол менен 4 млрд кВт⋅саат тартыштыкты түзөт. Бул жетишпеген энергия коңшу өлкөлөрдөн импорттоо аркылуу жабылат. Бул багытта тиешелүү келишимдер түзүлгөн.

Маалымат катары, депутаттар учурда министрлер кабинетинин 2025–2026-жылдардагы күз-кыш мезгилинен өтүүнүн жыйынтыгы жана кийинки жылытуу сезонуна даярдык пландары боюнча отчетун угушууда.