> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда газдаштыруу деңгээли 2025-жылы 45%ды түздү
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/27/kyrgyzstanda-gazdashtyruu-dengeeli-2025-zhyly-45-dy-tuzdu/
- Published: 2026-04-27T10:58:27.000Z
- Updated: 2026-04-27T10:58:27.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика

**2025-жылдын жыйынтыгы боюнча өлкөдө газдаштыруу деңгээли 45%ды түзгөнүн Жогорку Кеңештин тиешелүү комитет жыйынында энергетика министринин биринчи орун басары Өмүрбек Жеңишбеков билдирди.**

Анын айтымында, отчеттук мезгилде республика боюнча 100 чакырымдан ашык жаңы газ түтүктөрү тартылган. Айрыкча Новопокровка айылында инфраструктураны куруу иштери активдүү жүргүзүлгөн.

> Газ тармактарынын кеңейишинин натыйжасында дагы 20 миң жаңы абонент кошулуп, өлкө боюнча алардын жалпы саны 444 миң 400гө жеткен.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы жаратылыш газынын жалпы керектөөсү 520 млн куб метрди түзгөн.

> Ошондой эле министрлик калкты экологиялык жактан таза отунга өткөрүү иштерин улантууда. Бул максатта жарандарга үйлөрдү газ менен жылытууга өткөрүү үчүн 19 млн сом өлчөмүндө жеңилдетилген насыялар берилген.