> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Bloomberg Brent мунайынын баррели 160 долларга көтөрүлүшү мүмкүнбү?
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/28/bloomberg-brent-munaiynyn-barreli-160-dollarga-kotorulushu-mumkunbu/
- Published: 2026-04-28T07:30:58.000Z
- Updated: 2026-04-28T07:30:57.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Бизнес

**Мунай баалары боюнча божомолдор Ормуз кысыгы канча убакытка чейин кемелер үчүн жабык болоруна абдан көз каранды, деп жазат Bloomberg NEF.** 

"Мисалы, эгер ал май айынын башында ачылса, Brent мунайынын баасы баррелине 100 доллар чамасында кармалат. Ал эми ачылышы эки айга — июлдун башына чейин — жылдырылса, баа 160 долар деңгээлине чейин көтөрүлүү коркунучу бар",- деп эскертишет компаниянын аналитиктери.

Алардын учурдагы негизги божомолу боюнча, Ормуз кысыгы июль эмес, май айынын башында эле кайра ачылат. Мындай оптимизмге карабастан, Bloomberg NEF 2026-жылы дүйнөлүк мунай рыногундагы ашыкча сунуш боюнча божомолун кескин төмөндөттү — мурдагы күнүнө 2,23 млн баррелдин ордуна күнүнө 0,96 млн баррель. 

"Мунай баасынын өсүү коркунучуна карабастан, биздин негизги сценарий АКШ менен Ирандын ортосундагы сүйлөшүүлөр уланып, 2026-жылы Brent мунайынын орточо баасы баррелине 74 долар деңгээлинде болот деп болжолдойт", — деп жыйынтыкташат BloombergNEF эксперттери.