> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Кыргызстанда ККЭБ үчүн жабдууларды  импорттоо тизмеси кеңейтилди
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/29/kyrgyzstanda-kkeb-uchun-zhabduulardy-importtoo-tizmesi-keneitildi/
- Published: 2026-04-29T08:08:42.000Z
- Updated: 2026-04-29T08:08:42.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Экономика

**Министрлер Кабинети кайра калыбына келүүчү электр жабдыктары (ККЭБ) тармагындагы долбоорлор үчүн импорт учурунда кошумча нарк салыгынан (КНС) бошотула турган товарлардын жана жабдуулардын тизмесин кеңейтти.**

Өзгөртүүлөр 2021-жылдын 4-октябрындагы №196 токтомуна киргизилди. Бул чечим кайра калыбына келүүчү энергия секторун өнүктүрүү үчүн кошумча шарттарды түзүүгө багытталган.

Документке ылайык, жеңилдетилген импорт тизмеси ондогон жаңы позициялар менен толукталды. Алардын ичинде:

- инфраструктуралык элементтер, металл конструкциялар, түтүктөр, бекитүүчү деталдар;
- жүк көтөрүүчү жабдуулар;
- ар кандай кубаттагы трансформаторлор;
- инверторлор жана башкаруу системалары;
- кабелдер, оптоволокно жана туташтыруучу элементтер;
- кайра калыбына келүүчү энергия булактарынын негизинде курулуучу энергетикалык объекттер үчүн приборлор жана тетиктер.

Күтүлгөндөй, тизмектин кеңейиши "жашыл энергетика" долбоорлорунун баасын төмөндөтүп, алардын ишке ашуусун тездетет.