> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# Үч-Коргон ГЭСинин эки гидроагрегаты  26,8% реконструкцияланды
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/29/uch-korgon-gesinin-eki-gidroagregaty-26-8-rekonstruktsiialandy/
- Published: 2026-04-29T05:20:28.000Z
- Updated: 2026-04-29T05:20:27.000Z
- Author: Мелис Совет уулу
- Tags: Энергетика, Экономика

**Үч-Коргон ГЭСинде №1 жана №2 гидроагрегаттарды реконструкциялоо иштери кызуу жүрүп жатканын Энергетика министрлигинен билдиришти.**

Бүгүнкү күндө жумуштун 26,8%ы бүткөн. Иштер бекитилген графикке ылайык, Кытайдын CNEEC башкы подряддык компаниясы адистери тарабынан аткарылып жатат.

> Модернизациянын натыйжасында ГЭСтин кубаттуулугу ырааттуу өсүп жатат. 2025-жылы №3 жана №4 агрегаттар жаңылангандан кийин станциянын кубаттуулугу 180 МВттан 198 МВтка жогорулаган. Ал эми учурдагы №1 жана №2 агрегаттарды жаңылоо иштери аяктаганда, ГЭСтин жалпы кубаттуулугу 216 МВтка жетет.

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/681081674_9550.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/681268562_9550.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

![](https://storage.ghost.io/c/64/0f/640fd1f7-7b7a-4402-b729-688b0de60d32/content/images/2026/04/682990433_9550.max-2560x1440.format-webp.jpegquality-90.webp)

"Бул долбоор өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун бекемдөөгө жана инфраструктураны жаңылоого багытталган маанилүү кадам болуп саналат", - деп айтылат маалыматта.