> ## Content Index
> Fetch the complete content index at: https://im.kg/llms.txt
> Use this file to discover other available public pages before exploring further.

# 1-майдан тарта электр энергиянын баасы кымбаттайт
- URL: https://im.kg/energetika/2026/04/30/1-maidan-tarta-elektr-energiianyn-baasy-kymbattait/
- Published: 2026-04-30T08:49:17.000Z
- Updated: 2026-04-30T08:49:17.000Z
- Author: Сапар Акунбеков
- Tags: Энергетика

**1-майдан тарта Кыргызстанда электр энергиясына болгон баа кымбаттайт. Өзгөртүүлөр Энергетика министрлиги тарабынан 2025–2030-жылдарга карата орто мөөнөттүү тарифтик саясатты ишке ашыруунун алкагында киргизилүүдө. Ага ылайык, жаңы тариф 2сом 60 тыйындан 2сом 94 тыйынга чейин көтөрүлөт. Бул тууралуу Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.**

> *Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облусунун Токтогул районунун жана Кара-Көлдөгү Жазы-Кечүү айылынын тургундарына өзгөчө шарттар колдонулат. Алар үчүн керектелген электр энергиясынын бир бөлүгү Токтогул ГЭСин куруудан келтирилген зыяндын ордун толтуруу жөнүндө мыйзамга ылайык өздүк наркы боюнча төлөнөт.*

Министрлик тарифтерди жөнгө салуу энергетика системасынын туруктуу иштешин камсыз кылууга жана электр энергиясынын чыгымдарын акырындык менен теңдештирүүгө багытталганын белгилейт.